​Кадырбек Атамбаев: “Биз бүгүнкү диктатурага каршы туруп, атаандаш болушубуз керек” (Видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев фейсбук баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Ал Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын камалышы “бийликке айбат көрсөткөн акыркы чептин урашы” деп эсептеди.

“Бирок бул биздин ар бирибизге келип, байлап кеткиче күтүп турушубуз керек дегенди, колубузду куушуруп олтурушубуз керек дегенди түшүндүрбөйт. Бул Кыргызстандагы бардык оппозициялык топтор биригиши керек экендигин билдирет. Оппозициялык күчтөрдун баары өлкөбүздүн келечеги бутада турганын түшүнүшү керек. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо биз оппозициялык күчтөр утулбашыбыз керек. Бүгүн болуп жаткан диктатуранын өзөгүнө каршы туруп, легалдуу түрдө аларга атаандаш болушубуз керек” деди Кадыр Атамбаев.

Буга чейин “Новые лица” басылмасына берген маегинде Кадыр Атамбаев атасынын кармалышы чагымчыл аракеттин жыйынтыгы болгондугун билдирген:

“Бул кылдат уюштурулган чагым болду деп ойлойм. Ал көп курмандык алып келиш үчүн жасалган. Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан, — деди ал.

13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты