Коопсуз шаардан» түшкөн 35 миллион сомго тез жардам унаалары алынат

  • 5 лет мурун

Өкмөт Бишкектеги медициналык тез жардам кызматына 35 млн сомдон ашуун каражат бөлүп берүүнү пландаштырып жатат.

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында өндүрүлгөн айып пулдардын бир бөлүгү тез жардамды жакшыртууга жумшалары айтылган.

Айып пулдан жалпысынан 175 млн сом акча жыйналды. Анын 35 млн сому тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт.

Эгре Өкмөт жылдын аягына чейин айып пул жыйноо темпи ушул деңгээлде сакталса, медициналык тез жардам кызматынын унааларын сатып алууга 70 млн сомдон ашуун бөлүнөрүн кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты