​УКМК Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармады

  • 5 лет мурун

Эсеп палатасынын башкы инспектору А.Н. нын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Башкы инспектор курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларын жаап- жашырган.

27-июлда Эсеп палатасынын башкы инспектору А.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталды.

Биринчи май райондук соту тарабынан УКМК убактылуу кармоочу жайында бир айлык мөөнөткө кармоого баш коргоо чарасы бекитилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты