​Депутат Бактыбек Турусбеков Босфор кысыгын сүзүп өттү

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков Туркиянын улуттук олимпиада комитети уюштурган мелдешке катышып, Босфор кысыгын сүзүп өттү.

Бул тууралуу КР Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Турусбеков 55-60 жаш курактагылар, 85 кишинин арасынан тогузунчу болуп келген. Ал 6,5 чакырымды 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өттү.

Аталган агенттиктин маалыматы боюнча, мелдеш кечээ, 21-июлда, Стамбул шаарында болуп өттү. Ага 59 өлкөдөн 2400 киши катышты.

Депутат Турусбеков 2018-жылы Ысык-Көлдү (14 чакырым) сүзүп өтүп, марага экинчи келип, спортчулардан озуп кеткен.

Сүрөт: Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты