15-сентябрда: Тоолуу райондордо өткүн өтөт

  • 10 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 15-сентябрда күндүз ЫсыкКөл, Чүй, Талас, Ош, ЖалалАбад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдиргендей, 16-18-сентябрда өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөгөн жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.

Абанын температурасы төмөндөйт, 16-сентябрда күндүз жана 17-18-сентябрда Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 6…11 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 17… 22 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 2… 7 градус, күндүз 15… 20 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9 градус, күндүз 15…20 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 16-21 градус жылуу болот, тоолордо түнкүсүн 0… 5 градус жылуу. Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунда 2…7 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу.

Иллюстрацялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты