​Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев менен коштошуу

Бүгүн, 17-июлда, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Жай саратанындагы куйкалаган аптапка карабай, аткаминер Ашырбек Мойдунович Темирбаевди акыркы сапарга узатууга келгендер арбын болду.

Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган

Мамлекеттин биринчи бийлик адамы баштап кол койгон расмий некрологдо Ашырбек Темирбаевдин жаштайынан акыркы сааттарына чейин өмүрүн Мекенге, элге кызмат кылууга арнаган таржымалы көрүнөт.

1980-жылы Ашырбек Темирбаев «Таш-Көмүр» шахта башкармасынын комсомол комитетинин катчылыгынан баштап, партиялык-советтик жогорку кызматтарды аркалап келген.

1993-2009-жылдар аралыгында Жогорку Кеңеш аппаратында ар кыл кызматтарда, төраганын жардамчысы, аппарат жетекчиси болуп иштеген.

2009-жылы Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, 2009-2011-жылдары — Өкмөттү Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары болгон.

2012-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп эмгек өтөдү.

Мамлекеттик кызматкердин үлгүсү

Премьер –министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ашырбек Темирбаевдин ак ниет, чынчыл жана жупуну жашап өткөнүн, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосундагы чыныгы көпүрө болгонун мисал тартты.

«Акыркы жолугушуубуз менин кабинетимде болду. Жогорку Кеңеш каникулга таркаганда (ошонун алдында өзү операциядан чыкты) мен айттым «агай, сиз ден соолукту чыңдап, август айында келиңиз» деп экөөбүз сүйлөштүк. Ошондо да кетип баратып, толгон-токой кагаздарды мага тапшырып кетти.

Бул эмнени билдирет? Бул — ооруп турса дагы ишин таштабагандыгы. Азыр мага өзүбүздүн кесиптештерибиз айтып жатат, «ал 4-5 саат палатасында да иш кагаздары менен иштеп жатты» деп. Мунун баары бизге үлгү болчу жүрум-турум, мамлекеттик кызматкердин үлгүсү деп эсептейм» деди премьер-министр.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты