​Бишкектеги «Акылдуу полиция участогу» долбоорун Дубай полициясы колдойт

КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн делегациясы Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын штаб-квартирасына болгондо, Дубай полициясы Бишкектеги «Акылдуу полиция участогу» долбоорун колдой турганын билдирди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрдигинин маалымат департаменти маалымдады.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги К. Жумагазиев, Ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги А. Бийбосуновдун курамындагы КР ИИМ өкүлдөрүнүн делегациясынын Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын штаб-квартирасына 14-16- июлда болду.

Анда жетишилген негизги макулдашуулардын бири Бишкек шаарында «Акылдуу полиция участогун» (Smart Police Station долбоору) түзүүгө Дубайдын полициясынын колдоосу жана макулдугу болду.

«Акылдуу полиция участогу» долбоору биринчи жолу 2017-жылы Дубайда иштелип чыккан жана ишке киргизилген.

Дубай полициясынын штаб-квартирасынын жетекчилиги биргелешкен жумушчу тобун түзүүгө, анын ичинде криминология, жол коопсуздугу жаатында жана IT чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу курсун өтүү үчүн КР ИИМнин кызматкерлерин жана адистерин чакырууга даярдыгын билдирди.

Ошондой эле КР ИИМ курсанттары үчүн Дубайдын полиция академиясында акысыз окуу менен атайын квота берүү маселеси каралды.

Дубай полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри, полиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде Дубайдын полиция академиясынын жетекчиси менен жолугушуулар болуп өттү.

Анын жүрүшүндө санариптик технология, түз байланыштарды орнотуу жана ыкчам маалымат менен алмашуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү боюнча боюнча кызматташуу талкууланды.

Сүрөт: ТИМ Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты