​Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 5 лет мурун

Кургак жана ысык күндөрдөн кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт:

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-4-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кээ бир аймактардын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бүгүн, 2-июлда, түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында — түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,

Таласта — түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,

Чүйдө — түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37,

Нарынд- түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

2-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° болот.

2-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу жана 3-4-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты