Нөшөрлүү жаан күтүлөт

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 22-июнда, күндүз жана 23-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда мезгилмезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскерткен.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты