ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын жыйыны аяктады. Бишкек декларациясына кол коюлду
- 5 лет мурун
- Баяндар
Бүгүн, 14-июнда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча ШКУ мүчө- мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек декларациясына кол коюлду.
Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде: баңгизат соодасына каршы күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-коммуникациялык технология, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык маселелерди жөнгө салуу, туризм, айыл чарба тармактары боюнча кызматташуу боюнча макулдашууларга, документтерге кол коюлду.
Кандай документтерге кол коюлду?
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча;
—Форумдун регламентин бекитүү жөнүндө чечим;
— санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;
— региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечим;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө чечим;
— Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу Баяндамасын бекитүү;
— айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө чечим;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен «Астана» эл аралык финансы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
— Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечими;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
— «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;
Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер:
— жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;
— дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;
— саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар Планы;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Бириккен Улуттар уюму Башкармалыгы ортосундагы Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана эл аралык «Астана» финансылык борбору ортосундагы Өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
— «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасы.