Профсоюздар уюмдары каршылык акциясына чыгат

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын профсоюз уюмдары 17-июнда “Профсоюздар тууралуу” мыйзам долбооруна каршы каршылык акциясына чыгып, флеш-моб уюштурат.

Бул тууралуу Кыргызстан профсоюздар федерациясынан билдиришти.

Каршылык акциясы “Биз биригүү эркиндигине укуктуубуз!” деген ураан алдында өтмөкчү.

Акциянын максаты профсоюз кыймылын купуя “реформалоого” каршы туруу, “Профсоюздар тууралуу” мыйзам долбоору өлкөдөгү профсоюз кыймылыныын көз карандысыздыгын басаңдатууга бет алганын кеңири коомчулукка жеткирүү болуп саналат.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоору профсоюздардын биригүү эркиндигине доо кетирет деп эсептейт акциянын уюштуруучулары.

Каршылык акциясы 17-июнда саат 10:00 дө Кыргызстан профсоюздар федерациясынын имаратынын алдында болот (Чүй проспекти,207)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты