​ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафоруму өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 24-мартта, Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу”аттуу медиафорум өтүп жатат. Анын ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Иш- чара Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган. Ага мамлекеттик орган жетекчилери, ШКУ катчылыгынын, ЖМК өкүлдөрү, медиа эксперттер, байкоочулар жана өнөктөштөр чакырылган.

Катышуучулар медианы өнүктүрүүнүн заманбап трендин жана ШКУнун жалпы маалымат мейкиндигин өнүктүрү, ага карата бирдиктүү мамиле жасоо маселесин талкуулашууда.

ШКУга 8 өлкө мүчө болуп саналат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан жана Түркия.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты