​“Өлбөс полк” жүрүшүндө Президентти сүрөткө, видеого тартууга болот

  • 5 лет мурун

“Өлбөс полк” жүрүшүнө катыша турган Президент Сооронбай Жээнбековду ЖМК өкүлдөрү сүрөткө жана видеого тартууга болот.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы “Өлбөс полк» жүрүшүндө Президентти сүрөткө жана видеого тартууга болбой турганын кабарлаган.

Бүгүн, 8-майда, ардагерлер Усубакун Байсалов жана Алексей Варавин менен жолугушууда Жээнбеков эртең жүрүшкө катышарын айтты.

“Эртең, 9-майда, мен жылдагыдай «Өлбөс полктун“ жүрүшүнө катышам. «Өлбөс полк“ бул биз үчүн, Мекен үчүн жана адамзаттын келечеги үчүн өмүрүн бергендерди эскерүү» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты