Жеңиштин 74 жылдыгы: «Өлбөс полк» жүрүшү. Схема

  • 5 лет мурун

Эртең, 9-майда, Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы майрамдалат. Бул күнгө карата Бишкек шаарында кандай иш-чаралар болору тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

9-майда Бишкектеги иш-чаралар үч блокко бөлүнөт.

Биринчиси “Өлбөс полк” жүрүшү саат 10:00 дө башталат. Жүрүшкө катыша тургандар саат 9:00 дө Түштүк магистралда Масалиев көчөсү менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишине келиши керек.

Жүрүш саат 10:00 дө чыгып, саат 12: 00 дө Жеңиш аянтына келет.

Экинчи блокто саат 10:00 дө Түбөлүк оттун жанында митинг-реквием өтөт.

Үчүнчү блокто Дүйшөнкул Шопоков көчөсүндө концерт болот. Ал жакта Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы 2 миң кишиге жоокердин боткосун таратат.

Жеңиш аянтында саат 19:00 дөн 22:00 гө чейин майрамдык концерт болот.

Саат 22:00 дө салют атуу менен иш-чара жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты