​Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы күтүлөт

  • 5 лет мурун

Эртең, 30-апрелде жана 2-3-майда аба-ырайы туруксуз болушу мүмкүн. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул тууралуу билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектердеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты