​Сатыбалды Далбаев дүйнө салды

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаев 85 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Министрлик айтылуу артисттин өмүр баянын жарыя кылды.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу мурдагы Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында туулган.
Ал орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунан (ГИТИС) билим алган.

Аталган институтту 1957-жылы аяктап, курсташтары Арсен Умуралиев, Болот Шалтаев, Зоя Молдобаева, Жанузак Молдобаев ж.б. менен Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кабыл алынган.

Театрда жарым кылымдан ашуун эмгектенип, Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанымал болгон.

Сатыбалды Далбаевдин ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев ж.б. у. сыяктуу, алгачкы карылгачтарынан кийинки муундан чыккан талаттуу артист катары белгилүү эле.

Маркумду акыркы сапарга узаттуу 30 — апрелде Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык тетарында саат 10: оо дө өтөрүн министрлик кабарлады.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты