Бишкек шаары 141 жылдыгын белгилеп жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата мэрия майрамдык программа даярдады.

Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде эле башталган.

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери – орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор – «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.

Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты