​Путиндин сапарына байланыштуу жол кыймылы чектелет

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-мартта, Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин баштаган делегация келет.

Ага байланыштуу өлкөдө өзгөчө коопсуздук чарасы көрүлөт. Анын ичинде Бишкекте жана Чүй облусунда жол кыймылына чектөө киргизилет. Расмий иш-чараларга байланыштуу көчөлөр жабылат.

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары жана меймандары! 27-28-мартта Россия Федерациясынын делегациясынын келишине байланыштуу Бишкекте жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет” деп билдирип, убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты