​Элчилер менен бетме-бет

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков 18-мартта өлкөнүн Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулованы, Швейцариядагы элчи Данияр Мукашевди, Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевди жана Казакстандагы элчи Жээнбек Кулубаевди кабыл алды.

Анда Кыргызстандын тышкы саясатынын маселелери жана элчилердин ишмердиги талкууланды.

Президент элчилер жана башкы консулдары менен жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп турарын, бул милдеттердин аткарылышына жана жасалган иштерине баа берилерин белгиледи.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына жана Бишкекте июль айында өтүүчү ШКУнун Саммитине даярдык көрүү маселелери талкууланды

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты