​Президент ардактуу консулдарды «Экономикалык дипломатия» жаатында иштөөгө чакырды

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда болуп жаткан жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Президент өлкөнүн социалдык мекемелерине колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук иштерди жасап жатышкан Германиядагы Ардактуу консулдар Элердингдин жана Крэммелдин ишин белгиледи.

Япониядагы Ардактуу консулдар Мидзусако жана Накаджима Кыргызстанга саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында жардам берүү боюнча активдүү иш алып барып жатышат.

Россиядагы Ардактуу консулдар Владимир Трофимов, Алексей Чиналиев, Таалайбек Абдиев, Талантбек Намазбеков, Казакстандагы Ардактуу консул Талгат Айтбаев мекендештерге жардам берип, ар кандай долбоорлор менен алектенип жатышат.

Президент Ардактуу консулдардын көңүлүн «экономикалык дипломатия» жаатында ишти активдештирүүгө бурду.

Ардактуу консулдар да жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты