​“Жарандардын шайлоо укугун камсыздоо керек”

  • 5 лет мурун

14-мартта Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде Президент Сооронбай Жээнбеков келерки жылдагы парламенттик шайлоо тууралуу да сөз кылды.

“Кийинки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Элчиликтердин дагы бир милдети — жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге чет өлкөдө убактылуу жашаган жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыздоо.

Биздин мекендештерибиз көп жайгашкан мамлекеттерде, өзгөчө Россия менен Казакстанда, иш ырааттуу, күчөтүлгөн темпте жүргүзүлүшү керек.

Жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү — негизги милдет.

Россияда шайлоо участоктору көбөйтүлөт. Азыр Өкмөт бул багытта иштеп жатат.

Чет жактардагы консулдук мекемелердин географиясын этап-этабы менен кеңейтүү, консулдук чөйрөдө заманбап маалыматтык технологияларды ишке киргизүү абзел” деди Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты