​Жээнбеков: “Элчилик менен консулдуктардын эшиги күнү-түнү ачык болсун”

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде чет жактарда иштеген жарандарыбызга камкордук көрүу тууралуу баса белгиледи.

““Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы эӊ маанилүү багыт — чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын укуктарын коргоо” деп айтты мамлекет башчы.

«Ар кандай курч жана күтүүсүз жагдайлар жаралган учурларда алар силерден башка кимге барат?

Ошондуктан элчиликтер менен консулдук мекемелердин эшиги күнү-түнү ачык болуп, жарандарыбыздын кызыкчылыктарын ыкчам коргоого жана муктаждыктарын канааттандырууга даяр турууга милдеттүү.

Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиздин укуктарын коргоо жана аларга конкреттүү жардам көрсөтүү боюнча ишти жогорку деңгээлге көтөрүү милдетин коём” деди Жээнбеков.

«Сыртта жашаган мекендештерибиз менен экономикалык, маданий, социалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө — силердин милдетиңер.

Башка мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөр, мекендештерибиздин коомдук бирикмелери жана уюмдары менен тыгыз иштегиле.

Бизди дүйнөлүк коомчулук кандай жагдай болбосун өз жарандарына кам көрүп, алардын коопсуздугуна кепил боло ала турган өлкө катары таанышы керек” деди мамлекет башчы элчилер менен болгон жолугушууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты