Жээнбеков Бурунчукту кабыл алды

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-мартта, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Лилия Бурунчукту кабыл алды.

Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2019-2022-жылдарга кызматташтыгы талкууланды.

«Кыргызстан үчүн региондордо өнөр жайын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү, сорттоочу, сактоочу, таңгактоочу, сатуучу ишканалар менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат», — деп эске салды Президент.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Лилия Бурунчук Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүгүнүн стратегиялык документтеринде аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берилээрин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты