​Алгыр куштар Сауд Аравиясына этнофестивалга жеткирилди

  • 5 лет мурун

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 9-24 мартта Сауд Аравиясында өтүүчү этнофестивалга катышчу “Салбуурун” федерациясынын мүчөлөрүнүн 24 алгыр кушуна идентификациялык карта (паспорт) берди.

Этнофестиваль Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарынан 160 чакырым алыста жайгашкан Абдулла Кемел Ресинг аймагында өтмөкчү.

Жакында алгыр куштар Сауд Аравиясына жеткирилди.

Аларды андагы бажы терминалынан агенттиктин кызматкерлери сканердин жардамы менен куштун төшүнө тагылган чип менен пасторттогу маалыматтардын дал келүүсүн текшеришип, ал эми жергиликтүү ветеринардык дарыгерлер ар бир алгыр куштан анализ алышып ден-соолугун текшерүүдөн өткөрүштү.

Сауд Аравиясына этнофестивалга катышуу үчүн Кыргызстандан алгыр куштардан тышкары кыргыз тайгандарын да алып барышкан.

12 сааттан ашык аба мейкиндигинде жол жүргөндүктөрүнө карабай, алгыр куштар жана кыргыз тайгандары өздөрүн жакшы сезишип, ар дайым жергиликтүү ветеринардык дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда.

Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты