​Жээнбеков: “Ишкерлерге туура бизнес алып барууну үйрөтүш керек”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» төрагасы Мурат Акимовду жана «РСК Банк» төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды.

Президент региондордогу бизнести, экспортко багытталган ишканаларды колдоону улантыш керектигин баса белгиледи.

«Ишкерлердин жаңы долбоорлоруна колдоо көрсөтүү, каржылоо, ошол эле маалда аларга туура бизнес алып барууну үйрөтүш керек. Бул жерде финансы-кредиттик мекемелер алдыңкы ролду ойнойт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле учурда логистикалык борборлор бардык облустарда ачылбаганын белгилеп, логистикалык борборлорду куруу долбоорлоруна көӊүл бурууну сунуштады.

Президент Жээнбеков кредит берүүдө соодага эмес, Улуттук стратегияда белгиленген өнөр жай, кайра иштетүү, энергетика, туризм, айыл-чарба сыяктуу артыкчылыктуу тармактарга, кепилдик берүүдө региондорго көбүрөөк көӊүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары кредит алуу маселеси жер-жерлерге санарип технологиялар аркылуу жеткиликтүү, арзан жана кыска убакытта бюрократиясы жок берилүүсү камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Аталган финансы институттарынын жетекчилери жалпысынан мамлекеттеги бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылган жумуштар жана аймактардагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдыга коюлган пландар тууралуу маалымат беришти.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты