​КСДП: “Иса Өмүркулов съезд да, жыйын да чакырууга акысы жок”

  • 5 лет мурун

КСДП мүчөлүгүнөн чыгарылгандыктан Иса Өмүркулов КСДП партиясынын съездин да, саясий кеңештин жыйынын да чакырууга акысы жок” деп билдирди КСДП.партиясы.

Ошондуктан Иса Өмүркуловдун 3-апрелде КСДПнын съездин чакырам дегени өзүн-өзү алдоо болуп саналат.

Партиядан сырткары учурда ал өз талапкерлерин чогултуп, кандайдыр бир жыйын өткөрө берсин, бирок анын КСДПга тиешеси жок болот.

Интервьюлардын биринде Сагынбек Абдрахманов Асылбек Жээнбеков айткандан кийин Иса Өмүркулов менен жолукканын билдирген.

Жогоруда айтылгандардан улам азыркы бийлик КСДПга карата саясий рейдерлик менен алектенип жатат деп айтууга болот.

Болбосо Иса Өмүркулов менен Сагынбек Абдрахманов уставдык талаптарды, жөнөкөй эле адеп менен этиканын талаптарын аткарбай, партиянын катарынан чыгарылса да, мындай жалган конференциялар менен жалган съезддерди өткөрүүгө батынмак эмес.

Ал эми КСДП партиясынын съезди 6-апрелде болору Саясий кеңештин жыйынында 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган деди КСДП партиясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты