​Ысык-Көлдө сууга чөккөндөрдү 31 куткаруучу издөөдө

  • 5 лет мурун

3-мартта саат 12:10 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын тургундары 1980-жылы туулган Ю.Г. жана жубайы 1978-жылы туулган Н.Р. аттуу жарандар 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгон.

Андай маалымат “102” кызматынан ӨКМге кабарланга. 3-март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМ Каракол шаардык кызматынан 4 куткаруучу жана Жети-Өгүз районунан 10 куткаруучу, жалпы 14 куткаруучу, ошондой эле райондук милициядан 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Изделип, бирок табылган эмес.
Бүгүн, 4-мартта жоголгондор дагы эле изделип жатат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты