​Март айында аба ырайы кандай болот?

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги март айында абанын температурасы кандай болоорун болжолдоду.

Чүйдө

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 4…7° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 1…3° жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө болушу мүмкүн, кээ бир күндөрү абанын түнкү температурасы -3…-8° суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Ай ичинде көпчүлүк күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 2…7° жылуулукка чейин, күндүз 8…13° жылуулуктан 15…20° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Таласта

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5º жогору болуп, 3…5° жылуу болушу күтүлөт. Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5º жогору болуп 7…9°, тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт. Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуулуктан 6…11º жылуулукка чейин, күндүз 10…15° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2° суук…3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (26-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 34-122 мм).

ЫсыкКөл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5º жогору болуп 2…4° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан 1…6º жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (5-16 мм, чыгышында 29-35 мм).

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5º жогору болуп 0…2º жылуу, Кочкор районунда 1…3° жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу айдын биринчи жарымында күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, Кочкор районунда 10…15° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-35 мм).

Алайдын жайыттарында

Абанын айлык орточо температурасы нормага жакын болуп -7…-9º суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз -3…-8° сууктан 0…5° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт (32-34 мм).

Суусамырда

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5º жогору болуп, -7…-9° суук болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө күтүлүп, түнкүсүн -18…-23°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (23-25 мм).

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымат берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты