​«Атамбаевсиз КСДП кыймылы» Атамбаев төрагалыктан алынышы керек деди

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү, бүгүн, 27- февралда, пресс-конференцияда өлкөнүн түндүк аймагында партиялык конференция өткөрүлгөнүн, көпчүлүк колдоп жатканын билдирди.

Эгерде жалпы партиялык курултай өткөрүлбөсө жана экс — президент Алмазбек Атамбаев төрагалыктан кетпесе, митингге чыгууга даяр экенин кошумчалашты.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаев төрагалыкка легитимсиз шайланганын билдирди:

“Партиялык элитанын башында турган Алмазбек Атамбаев легитимсиз шайланган. Аны 20 жылдай ээрчип жүрүптүрбүз. Биринчи жолу ушундай кыймылды айтып чыкканыбызда эч ким ишенген эмес.

Бирок, бүгүнкү күндө Чүй, Талас, Нарын, Ысык – Көл облустарындагы партия мүчөлөрү колдоп жатышат. Эми түштүктөгүлөр бизди “Качан келесиңер?” деп күтүп жатышат”, — деп билдирди Абдрахманов.

Ошондой эле, учурда партиянын бештен бир бөлүгү кыймылды колдоп жаткандыктан, партиянын уставына ылайык, кезексиз курултай өткөрүүгө укуктары бар экендигин да айтып өттү кыймылдын лидери:

“Ирина Карамушкина биз легитимсиз иш алып барууда деп жатат. Бирок, 2016 – жылы жаңыланган партиянын уставына ылайык партиянын мүчөлөрүнүн бештен бир бөлүгү колдосо, саясий кеңешсиз эле кезексиз курултай өткөрүп, төраганы шайлоо өткөрө алабыз.

Алмазбек Атамбаевдин партияны өткөрүп берүүгө укугу жок. Ал легитимсиз шайланган”, — дейт Сагынбек Абдрахманов.

Аталган кыймылдын төрагасынын орун басары, партия мүчөсү Нурбүбү Кененбаева кезексиз курултайды март айында өткөрүүнү пландап жатышканын кошумчалады:

“Биз буга чейин курултайды “жаңы жылга чейин өткөрөбүз” дегенбиз, бирок болбой калып, андан кийин февраль ичи өткөрөбүз деп пландаганбыз. Кайра мартка жылды. Анын себеи, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын бийликтин долбоору деп жатышат. Биз КСДПнын ардагер мүчөлөрүнүн жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп жатабыз, -деди орун басар.

Буга чейин “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов менен ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков жолукту” деген маалыматтар тараган эле. Ал боюнча Абрахманов Асылбек Жээнбеков менен жолукпаганын, бирок колдоо алууну каалаарын айтты:

“Мен Асылбек Жээнбеков менен жолуккан эмесмин. Бирок, жолуксам чексиз кубанмакмын. Эгерде Асылбек Жээнбеков 100 пайыздан бир пайыз эле колдоо көрсөткөндө кубанычтан төбөм көккө жетмек.

Биз жолукканда көптөгөн көйгөйлөрдү чечип, мынчалык кыйналмак эпеспиз. Азыржүрүп жаткан аны каралоолор туура эмес”, — деп билдирди кыймылдын лидери.

Кыймылдын негизги максаты – бийликте отурган жемкорлордон тазалануу деп билдиришти кыймылдын өкүлдөрү:

“Курултай болот. Анда партиянын уставын өзгөртөбүз, саясий кеңештин курамын жаңыртабыз жана төраганы ордунан жылдырабыз” , — деди Абдрахманов.

Ал эми Талас, Ысык – Атадан, Жалал – Абаддан келген партия мүчөлөрү аталган кыймылдын максаттарын колдоп жатканын билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты