​Сооронбай Жээнбеков: “Көпчүлүк министрлер жер-жерлердеги көйгөйлөрдү билбейт”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-февралда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференция өтүп жатат. Ал эртең да улантылмакчы.

Форумга бийликтин бардык бутактарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик башчылары, бизнес, жарандык коом жана өнөктөш уюмдардын — донорлордун өкүлдөрү катышып жатат.

“Мындай форматтагы жолугушуу көп жылдан бери өткөрүлө элек болчу” деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков кеңири баяндама жасап жатып.

“Регион, аймак, элет, айыл” деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аӊ сезимине тереӊ сиӊген түшүнүктөр болуш керек” экенин да белгиледи.

Баяндамада мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалып жаткандыгына токтолду.

Мамлекет башчы андан ары таза суу долбоору, жолдордун абалы, инвестияция тартуу, сот-укуктук реформа, алдыдагы милдеттерге токтолуп, эмне иштер жасалбай жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты