​Өзгөндүн Зергер, Кара-Таш айылдарына суу киргизилди

  • 5 лет мурун

Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун» тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен суусуз калган Ош облусунун калктуу жерлерин ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында КР Өкмөтү тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү.

Буга чейин маалымдалгандай, аталган компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.

Кырдаалды изилдөө боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктап жатат, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.

Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Техникалык жана экологиялык коопсуздук инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен «Цзинь Лун» ЖЧКга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча эскертүү берилген.

Натыйжада, бүгүнкү күнү «Цзинь Лун» Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу киргизди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, жалпы узундугу 8 миң метр суу түтүгү тартылды.

Бул тууралуу Өкмөттун маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты