Мыйзам долбоору: алимент төлөбөгөн ата-эне чет өлкөгө чыга албайт

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова бүгүнкү, 25-февралдагы пресс-конференцияда Алимент тууралуу жаңы мыйзам долбоору, Үй-бүлө кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилери тууралуу айтып берди.

Аталган мыйзам долбоордун максаты

КР депутаты Айсулуу Мамашова аталган долбоор биринчи кезекте балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталганын билдирди:

“Ажырашуу процессинде, алимент төлөнбөгөн учурда, балдар көбүрөөк жабыркашат. Ошондуктан аталган мыйзам долбоор биринчи кезекте балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоого, муктаждыктарын канааттандыруугабагытталган. Ата- эне баланын ар-намысын, жеке адамдык сапаттарын сыйласа дейбиз” , — дейт депутат.

Жаны мыйзам долбооруна ылайык, алимент төлөбөгөн учурда эмне болот?

Айсулуу Мамашованын айтымында, аталган мыйзам долбооруна ылайык, билип туруп, себепсиз, үч айдын ичинде алимент төлөбөгөн учурда, ага милдеттендирилген адам төмөндөгүдөй чектөөлөргө кабылат:

Аталган чектөөлөр кантип ишке ашырылат?

Аталган суроого депутат төмөндөгүчө жооп берди:

Аталган чектөөлөр сот аркылуу бекитилет. Эгерде ата- эне билип туруп алимент төлөбөсө, сот аркылуу чек ара органдарына маалымат берилет. Ал жактан базага киргизилет. Чет өлкөгө чыгарда базадан текшерилет, эгерде алимент төлөбөгөн болсо, чет өлкөгө чыга албайт. Алимент боюнча карыздарын төлөгөндө гана чектөө алынат. Бул дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп келе жатат”, — деп билдирди Мамашова.

Буга чейин Үй-бүлө кодекси боюнча алимент толөөгө милдеттендирилген жактын айлык акысынын 20 пайызы алиментке алынчу. Мисалы, айлык акысы тууралуу маалым катта 1000 сом деп көргөзүлсө, 200 сом ай сайын балага алимент төлөнчү. Айсулуу Мамашева жаны мыйзам долбоорунда төмөндөгүдөй минималдуу сумма киргизилген:

Мыйзам долбоору: алимент төлөбөгөн ата-эне чет өлкөгө чыга албайт

Бир балага ай сайын аталган сумманын 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Ал эми эки балага 70 пайызы, үч жана андан көп балага 100 пайызы төлөнөт. Мисалы, 8 жана 10 жаштагы эки балага алимент 4227 сомдун 70 пайызы төлөнөт. Аталган сумма Статистикалык комитеттин 2018 — жыл үчүн балдардын жашоо минимуму үчүн кеткен сумма тууралуу маалыматынын негизинде алынган. Бул аркылуу маалым катты жасап, айлыгын аз суммадан көрсөтүү жок болот дейт депутат.

“Бул мыйзам болдоорундагы чектоолор адам укуктарын бузуп жатат” деген сындарга Айсулуу Мамашова бала өзүн өзү коргой албагандыктан анын укуктарын коргоо жогору тураарын билдирди:

“Адам укуктарын коргойбуз деп жүрүп балдардын укуктарын дагы коргоого милдеттүү экенибизди унутуп калабыз. Бала деле чоң киши сыяктуу эле адам. Бирок, балдардын өзүн өзү коргоого мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул учурда аны мамлекет коргоого алуусу керек. Ата – эне ажырашкандан кийин өзүнүн баласы үчүн жоопкерчиликтүү экенин унутпашы керек. Чоң киши ар кандай абалдан айла таап кетет. Ал эми кичинекей бала эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан, баласын ошондой абалга жеткирген ата – эне жоопкерчилигин арттырууну каалап жатабыз” , — деди Мамашова.

Ырысбү Кылычбек кызы.

Сүрөттөр автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты