№13 Сузак бир мандаттуу округу: Тазабек Икрамовдун ордуна дагы 5 талапкер арыз берди

  • 2 месяца мурун

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча дагы беш талапкер арыз берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) сайтында билдирди.

Арыз бергендер — Энназаров Санжарбек, «Дари строй» курулуш компаниясынын директору,  Эрматов Нурдин, облустар аралык жандандыруу борборунун директору,  Максутов Манас, жеке ишкер,  Бегматов Бейшенбек жеке ишкер, Сейдахматов Жыргалбек, Сузак районунун Багыш айыл кеңешинин төрагасы.  

Буга чейин аталган округдан Алтынбек Кылычбаевден талапкер болууу арызы түшкөн, ал “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары болуп иштейт.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда аяктайт.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды. Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка  алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.

Сүрөттө: Санжарбек Энназаров. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты