№13 шайлоо округунан талапкер Карабекова БШКны сотко бере турганын билдирди
- 8 месяцев мурун
№13 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко бере турганын Би-Би-Сиге билдирди.
-Мен азыр БШКны сотко бергени кетип жатам. Кимдир-бирөөнүн айынан жапа чекпешибиз керек да. Биз тарапка эч ким арызданган жок, мыйзам бузган жокпуз. Эмнеге биз кайсы бир талапкердин, Сыдыковдун, айынан четтетилишибиз керек?-деди талапкер Карабекова.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
Буга шайлоо округунун участкаларында бир катар мыйзам бузуу катталгандыгы себеп болду. Атап айтканда, талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөө жана байкоо максатында смартфондордогу камераларды орнотушкан.
БШК жыйынында бөлүм башчы Махабат Кожокеева шайлоо учурунда талапкердин байкоочулары 35 участокко камера коюп, добуш берүү учурун көзөмөлдөп турушканын айтты. Бул добуш берүүнүн купуялык принцибин бузуу болуп саналат.
Смартфон камераларын шайлоо участкаларына койгон байкоочулар талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрү болгон.
Аталган №13 участокто 65 миң 16 киши катталган, алардын ичинен 30 миң шайлоочу добуш берген, бул 39,44%ды түзөт.
№13 округда округда 14 талапкер катталган: Бактыбек Сыдыков, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Чынара Жураева, Гүлназ Нурбаева, Сайдулла Нышанов, Өлмаскан Султанова, Гүлназ Жээнбекова, Жаныбек Курбаналиев, Мунара Маматалиева, Айбек Саипов, Нурланбек Кенжебаев, Айгүл Карабекова, Мейкинбек Абдалиев. Бул талапкерлер кайталап добуш берүүгө катыша албай тургандыгы айтылды.
Баштапкы маалыматтарга караганда, аталган №13 шайлоо округунан Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жеңүүчү болгон.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн биротоло жыйынтыгын чыгарат.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




