№13 шайлоо округу: Депутаттыкка талапкер болууга 21 киши арыз берди  

  • 6 месяцев мурун

24-январга карата бир мандаттуу №13 округу боюнча кайра шайлоого депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Арыз тапшыргандар:  Акылбек Арстанбеков, Эркинбек Маматаев, Уланбек Асанов, Бактыбек Асамудинов, Токторали Калматов, Уланычбек Чолпонов, Кадырбек Матсаков, Гүлнара Абдыразакова, Бакыт Мацаков, Арсланбек Эгембердиев, Нурсыйда Базаркулова, Алмазбек Чомоев, Каныбек Базарбаев, Залкарбек Мансуралыев, Исраилжан уулу Өсөрбек, Нуркан Койчуманова, Кубан Нуриев, Кызжибек Атабекова, Махсудахан Темирбаева, Нурбек Мурашев, Уланбек Абдималиков талапкер болууга БШКга арыз берди.  

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин аяктайт.

БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Сүрөттө: Кызжибек Атабекова. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты