«Коопсуз шаар»: Мыйзам бузуулар кайда катталып, кантип билдирилет?

«Коопсуз шаар»: Мыйзам бузуулар кайда катталып, кантип билдирилет?

Мониторинг борбору аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузган материалдарды иштеп чыгуу менен алектенет. Материалдар «Кыргызпочтасы» аркылуу унаа ээсинин катталган дарегине жеткирилет.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мониторинг борборунун иши менен таанышканда, бардык даярдыктар талапка ылайык деп айтышты. Бардык материалдык-техникалык база даярдалган, тийиштүү окутуудан өткөн кызматкерлердин штаты түзүлгөн.

Абылгазиев Мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты, жарандарды кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыкты, мында жарандар менен иштөө уюштурулат жана «100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет.

Тийиштүү маалымдама маалыматтар Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

«12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана масштабдуу долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы» деди Өкмөт башчы.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты