“112” системасынын базасында өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү кызматы түзүлүүдө
- 3 месяца мурун
Кыргызстанда «112» маалыматтык тутумунун базасында өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча бирдиктүү кызматты түзүү иштери улантылууда.
Ошол эле учурда өлкөдө Бажы союзунун техникалык регламентинин талаптарын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн авариялар жана кырсыктар учурунда ыкчам кызматтарга “чукул чакыруу” системасын киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Система өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты ыкчам кызматтарга тез арада жеткирүүгө жана жооп кайтаруу убактысын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берери айтылат.
Бул иштин алкагында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов «Искара технологиялары» компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар «112» тутумун техникалык жактан ишке ашыруу, санариптик чечимдерди интеграциялоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ыкчам кызматтардын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
“Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча бирдиктүү системаны киргизүү жарандардын кайрылууларын иштетүүнү тездетет, кызматтардын координациясын жакшыртат жана калктын коопсуздук деңгээлин жогорулатат деп айтылат маалыматта.
Сүрөттө: Жолугушуу учуру. ӨКМ




