11-майда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 11-майда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт, Ош, Ысык-Көл облустарында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн+ 11…+16, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.

Бишкек күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +17…+19 жылуу болот.

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты