10 миңге жакын кыргызстандык Улуу Британияда айыл чарба жумуштарында иштеди

  • 6 месяцев мурун

Акыйкатчы Ж:амиля Жаманбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.  Элчи  Улуу Британияда кыргызстандык мигранттардын эмгек укуктарын коргоо долбоору даярдалып жатканын билдирди.

Акыйкатчы менен Улуу Британиянын элчиси Улуу Британиядагы кыргызстандыктактарды жана Кыргызстандагы Улуу Британия жарандарынын укуктары бузулган учурларда ыкчам биргелешкен аракет кылуунун маанилүү экендигин белгилешти.

“Азыркы учурда биздин көптөгөн жарандарыбыз Улуу Британияга мезгилдүү жумуш иштөөгө кетип жатышат. Алардын укуктарын коргоо — Акыйкатчы институтунун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Дал ушул биргелешкен аракеттер Кыргызстандын жарандарынын укуктары бузулган учурда көмөк берет” деди Акыйкатчы.

Николас Боулер Улуу Британияда кыргызстандык мигранттардын эмгек укуктарын коргоо боюнча долбоор даярдалып жатканын билдирди.

“Биздин статистика боюнча, Улуу Британияда мезгилдүү жумуштар үчүн каралган бардык квоталардын 20 пайызы Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн берилет.

Быйыл Кыргызстандын 8 миңден 10 миңге чейинки жарандары Улуу Британиянын азык-түлүк коопсуздугуна өз салымын кошо турган мезгилдүү жумуштарда эмгектеништи. Улуу Британиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо абдан маанилүү. Бул схема так иштеш үчүн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча долбоорду ишке киргизүү пландалууда”деп айтты элчи.

Сүрөт: Жолугушуу учурунан. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты