10-майда: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт  

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 10-майда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +16…+21;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн+ 15…+20, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.

Бишкек күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +17…+19° жылуу болот.

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты