Чек ара кызматы: Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду жаап салды

  • 3 года мурун

Тажик тарап Төрт-Көчө аймагынданы жолду жаап салды. Бул тууралуу Чек ара кызматы саат 11: 30га карата маалымдады.

Чек ара кызматы 1-майда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу курч мүнөздө экенин белгиледи.

Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толугу менен жаап салган.

Аскер техникасынын кыймылы Тажикстандын аймагындагы тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасында катталган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда,каза болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-тажик чек арасында ар кандай жаракат алган 154 адам — ооруканада. Алардын 23ү — күч структураларынын аскерлери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты