ЖРТнын жыйынтыгы жок абитуриенттерди кабыл алган МУКтун коррупциялык схемасы

Кыргызстан эл аралык университети (МУК) жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жок, же болбосо босого баллга жетпей калган абитуриенттерди чет өлкөлүк университеттер аркылуу кабыл алган схема ойлоп таап алган. Бул схеманы кеминде 6 жылдан бери колдонуп келет.

1-курска чет элдик окуу жайга кабыл алып туруп, 2-курстан МУКка которуп алышат. Чет элдик ЖОЖ деген аты гана болбосо, окуу МУКтун имаратында өтүп, МУКтун мугалимдери сабак беришет.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби КРнын өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы №404 токтому менен бекитилген “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө” жобо менен бекитилген.

Жогорку окуу жайлардын 2019-2020-окуу жылындагы гранттык жана контракттык орундарга тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) упайы төмөнкү көрсөтүлгөн сандан ылдый болбошу керек: негизги тест — 110 упай; англис тили — 60 упай; химия – 60 упай; биология – 60 упай; физика – 60 упай; тарых – 60 упай; математика – 60 упай.

Демек, мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы менен, жалпы тесттен кеминде 110, кошумча сабактардан 60 упай алган гана абитуриент кабыл алынат.

Казакстан университетине тапшырып, МУКту аяктап чыккан

Асел (Аты-жөнү өзгөртүлдү) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мектептеринин бирин аяктап, Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында упайы босого упайга жетпей калган.

Тааныштарынан МУКта ЖРТнын жыйынтыгына карабай кабыл алган жолдор бар экенин уккан. МУКтун мугалимдери ага 1-курсту Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясы аттуу окуу жайга тапшырып, ошондо окуп туруу керектигин, 2-курстан МУКка өзүлөрү которуп алышарын айткан.

Ошентип Асел тест, экзамен тапшырбай эле Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясынын 1-курсунун студенти болуп калган. Биринчи курста 40 миң сом окуу акысын төлөгөн.

 

Студенттик китепченин сүрөтү

Бирок сабактар кадимки эле МУКтун Турусбеков-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги башкы имаратында өткөн, сабакты дагы эч кандай Казакстан университетинин мугалимдери эмес МУКта иштеген мугалимдер эле өтчү.Окуу акысын деле МУКтун бухгалтериясына төлөшөт.

Окуу акысын төлөгөндөгү квитанциясы

Ошентип Казакстанга барбай эле Бишкекте окуп, 1-курсту аяктагандан кийин МУКка которуп алышкан. Студент кантип которулганын өзү деле билбей калган. Жазган дептерлериндеги окуу жайдын аты өзгөрүлгөнү болбосо, сабактын баары мурдагы эле калыбында өтүлө берген.

Окуу акысы эми 35 миң сомду түзүп калган.

Биз Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясында кыркка жакын студент окуганбыз, ошонун баары кийин МУКка которулду. Ошонун баары МУКта 3 жыл окуп, МУКтун дипломун алып чыгышты”, — дейт Асел.

Дипломдун сүрөтү

Практикалык күндөлүгү

Үсөн кызы Ырыс (Ред: Аты-жөнү өзгөртүлдү) Баткен облусунун мектептеринин биринен окууну аяктап, Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында алган упайы босого упайга жетпей калган.

Бишкек шаарындагы окуу жайларды кыдырып жүрүп, акыры МУКта ЖРТнын жыйынтыгына карабай окууга кабыл алуунун жолдору бар экендигин билип, тааныш аркылуу МУКта иштеген мугалимге бир жарым миң доллар берип, тест тапшырып окууга өткөнүн айтат:

Ар кайсы тааныш ар кандай акча алат окшойт. Окуу жайга өткөндөн кийин окууга өтүү үчүн акчаны көп берип койгонубузду билдим”, — деп эстейт Ырыс.

Ырыс деле 1-курсту Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясында МУКтун эле имаратында окуп, кийин Кыргыз Эл аралык окуу жайына кантип которулуп калгандыгын билбей деле калган. Себеби, документтеринде гана бир аз өзгөрүү болгонун эске албаганда, сабактардын жүрүшүнөн, группасындагы студенттерде, сабак берген мугалимдерде эч кандай өзгөрүү болгон эмес.

Ырыстын 1-курстагы студенттик китепчесин алып, ордуна Кыргызстан Эл аралык университети деген аталыштагы жаңы студенттик китепче беришкен.

 

Ырыстын 2-курстагы студенттик китепчесинин сүрөтү

 

МУК ЖРТ аркылуу кабыл алган мыйзамды айланып өткөн схема ойлоп таап алганын билип, биз бул жолу өзүбүз окууга тапшырып жаткандардын ролунда болуп көрдүк.

ЖРТдан босого упайга жетпей калган “сиңдибизди” окууга өткөрмөкчү болуп МУКтун мугалимдерине кайрылдык.

Мугалимдер бизге ЖРТдан босого упайга жетпей калган абитуриенттерди “Казак Эмгек Академиясы” жана “Бургас Эркин Университети” аркылуу кабыл алуу болорун айтып беришти.

 

Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясына кабыл алуу бөлүмүндөгү мугалим менен болгон диалог:

— Эже, биз окууга тапшыруу боюнча сүйлөшөлү дегенбиз, ЖРТдан алган упайы босого упайга жетпей калган. Кандай кылсак болот? — Биз, Казакстандын университети аркылуу окууга өткөрөбүз. Кийинки жылы автоматтык түрдө МУКка которуп алабыз. Контракт 50 миң сом, 25 миңден бөлүп төлөшү керек. 2-курс болгондо автоматтык түрдө МУКтун студенти болот.

— Канча жылдан бери Казакстан аркылуу абитуриенттерди кабыл аласыңар?
— 9-жылдан бери ЖРТнын жыйынтыгы жок абитуриенттерди ушинтип кабыл алабыз.

— А МУКтун дипломун алабызбы? 2-курста которулгандан кийин кадимкидей МУКту аяктап, МУКтун мамлекеттик дипломун алат.

— Тапшырчу кишибиз айылда болуп атат. Тестти кандай тапшырса болот?
— 25 миң сом контракт берсеңер эле жардам беребиз. Ал абитураентти башка ЖОЖдор кабыл албайт. Биз үчүн эң негизгиси 25 миң сом контракт даяр болсо эле жетиштүү.

— Контракты дароо төлөш керекпи? Ооба, контракт даяр болсо жардам беребиз. Тест тапшырбаса деле контракт төлөсө баарын жасатып коем.


Бургас Эркин Университетинин кабыл алуу бөлүмүндөгү айым менен болгон диалог:

— ЖРТнын упайы аз болуп калган. Кандай кылсак болот? ЖРТнын жыйынтыгы жок болсо контрагы 65 миң сом. Алар 1-2-курста Болгариянын университетинин студенти болушат. 1-курстан 4-курска чейин бул жакта эле окушат. 3-курста автоматтык түрдө МУКка которулуп, 3-4-курста официалдуу түрдө Кыргызстандын студенти болот. Башкача айтканда, баштапкы эки жылда Кыргызстандын студенттеринин базасынан аты-жөнү чыкпайт.

— МУКтун дипломун алып чыгышабы? Окууну аяктаганда Кыргызстан Эл аралык университетинин дипломун алышат. Мен өзүм ушул программа менен окуп жатам. Быйыл, 3-курска которулам.


Бул видеолордон өзүңүздөр көрүп тургандай, чет элдик ЖОЖго кабыл алынды делген студенттер Кыргызстан Эл аралык университетинде эле билим алышарын, болгону контракт 1-курста 50 000 сом, 2-курста 40 миң сом болорун, кийинки жылы автоматтык түрдө Кыргызстан Эл аралык университетинин студенти болушарын айтып жатышат.

Бул схемага Болгариянын Бургас Эркин университети да кошулган

Буга чейинки абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы жок Казак эмгек академиясы аркылуу алып келген болсо, жакында эле бул схемага Болгариянын Бургас Эркин университети дагы кошулган.

Бул университеттин Казак Эмгек академиясынан айырмасы төрт жыл бою 65 миң сом контракт төлөйсүң. Факультеттеринен эч кандай айырмачылык жок. Булар 2-курстан кийин Кыргызстан Эл аралык университетине которуп алышат. Окууну аяктаганда Кыргызстан Эл аралык университетинин дипломун алып чыгышат.

Мындай схемалар башка университеттерде дагы барбы деп биз абитуриенттин ролунда Бишкектеги бир катар университеттерге чалып чыктык, анын баары ЖРТдагы босого упайлар болушу керектигин, ага жетпесе кабыл алуу мүмкүн эместигин айтышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин кабары жок

Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульмира Абылкасымова абитуриент жалпы республикалык тесттен босого упайдан төмөн упай алып калса же тест тапшырбаса, анда эч бир окуу жайга кабыл алынбай тургандыгын айтат.

Өзгөчө быйыл онлайн системанын негизинде кабыл алынды. Эгер абитуриенттин ЖРТдан алган упайы босого упайдан аз болсо, анда эч бир университет ал абитуриентти окуу жайга кабыл алганга укугу жок” — дейт Гульмира Абылкасымова.

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук маалымат базасына ылайык, 2014-жылдан ушул күнгө чейин лицензияланган билим берүү уюмдарынын тизмесинде “Казак Эмгек Академиясы” жана “Бургас Эркин Университети” катталган эмес.

Жогорку окуу жайлардын студенттерин которуу жайкы жана кышкы каникул маалында, студенттин жеке арызы боюнча, студенттин которуу аттестациясынын негизинде ишке ашат. Окутуунун биринчи жана акыркы курстарында студенттерди которуу жүргүзүлбөй тургандыгын айтат министрлик.

КРнын ЖОЖдорунун студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү КРнын өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майында №346 токтому менен бекитилген “КРнын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык өткөрүлөт”.

Ал эми чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшырган Кыргызстандын жарандарын кайрадан КРнын ЖОЖдоруна которууда ЖРТнын жыйынтыгы талап кылынбайт.

Мына ушул нормага ылайыктап, МУК өзүнө көп студенттерди чет өлкөлүк ЖОЖго тапшыртуу жолу менен кабыл алуу схемасын жок эле дегенде 6 жылдан жылдан бери пайдаланып келет.

Канча студент ушундай жол менен которулгандыгынын санын алуу мүмкүн болбоду. Анткени, Билим берүү министрлиги андай маалымат жок экенин айтса, МУК өзү бергиси келген жок.

Бул маалыматтарды алып, өзүлөрүнүн комментарийин угуу максатында Кыргызстан Эл аралык Университетинин Юридикалык жактар Ассоциациясынын (УНПК МУК) президенти Асылбек Айдаралиевге бир нече жолу байланышка чыктык. Бирок ал киши бул боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Казак университети жок бизде. Биз экзаменди албайбыз, алар алат. Мен бул тууралуу билбейм, бул боюнча Айнура Адиевага кайрылгыла”, — дейт Айдаралиев.

ЖРТнын жыйынтыгы жок абитуриенттерди кабыл алган МУКтун коррупциялык схемасы

Арсен Айдаралиев айтып жаткан Кыргызстан Эл аралык университетинин ректору Айнура Адиевага кайрылганыбызда, ал: “Биз алар менен иштебейбиз. Ал бизге караштуу эмес. Кимге караштуу экендигин да билбейм. Өзүңөр чалгыла”, — деп билдирди.

Ал эми Кыргызстан Эл аралык университетинин Укуктук камсыздоо жана инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча проректору Сейтек Асанов Бургас Эркин университети менен келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде “Франшиза” аркылуу студенттерди Бургас эркин университетине кабыл алышарын айтат:

Биз, Кыргыз Эл аралык окуу жайы “Эки диплом” деген программалардын негизинде иштешебиз. Биздин студенттерди эки жыл Кыргызстанда, эки жыл чет өлкөдө окутабыз. Турция, Польша, Италия, Болгария жана башка көптөгөн шаарларда өнөктөштөрүбүз бар”.

Студенттер Бургас Эркин университетинин дипломун алып чыгышат. Алардын студенттик билеттери да Бургас тилинде. Студенттер башка университетке которулууну каалашса, өзүнүн арызынын негизинде 2-курста которула алышат.

Ооба, ЖРТнын жыйынтыгы жок алынган. Бирок, ал студенттерди биздин университетке алган жокпуз да. Студенттер окуу жайга кабыл алынгандан кийин каражаттары болсо Болгарияга барып, каражаты жок болсо Кыргызстанда эле окушат. Окууну аяктагандан кийин Болгариянын болгар тилинде жазылган дипломун алып чыгышат. КР МУКтун дипломун алышпайт”, — дейт Сейтек Асанов.

Бургас университети тууралуу ушундай маалымат бергени менен Казакстандын Эмгек Академиясы тууралуу маалымат берүүдөн жетекчилик караманча баш тартты.

Бургас эркин университети болсо Болгарияда сабакка келбеген саясатчыларга диплом берип, атагы чыккан университет болгонун Болгариядагы кесиптештерибиз билдирди.

Даярдаган: Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Редактор: Дилбар АЛИМОВА

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты