​“Мекеним Кыргызстан” менен “Республиканын” тарапташтарынын чыры киши өлүмүнө алып келди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүттөөчүсү делген Э.К. “Республика” партиясынын үгүттөчүсү Ормон уулу Замирди бычактап өлтүрүп койгонун каза болгон баланын достору айтып жатышат.

Буга чейин, жалпыга маалымдоо каражаттарында эки бала ортосунда уруш чыгып, бирөөсү экинчисин бычактап салганы жазылган.

5000 сомдон чыккан чыр

Каза болгон баланын досторунун бири Рыспек (аты өзгөртүлдү) каза болгон бала буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясына иштегенин, бирок кийинчерээк “Республиканын” үгүт иштерин жүргүзгөнүн айтат:

Ал башында “Мекеним Кыргызстанда” окшойт. Ошол жакта иштеп акча алган окшойт. “Республика” партиясына бир-эки күн иштеген экен, портерине баннерлерди илип алып. Ошентип иштеп жүргөндө “Мекеним Кыргызстандагы” бала көрөт да. Анан борбордон жолугуп калышып, “бизде жүрдүң эле го, эмне сатып кеттиң? Акча алдың эле го” десе, “Мекеним Кыргызстанды” шылдыңдап коет окшойт. Анан үйүнө барып, бычактап салыптыр. Жалгыз эмес, үч бала барган окшойт. С., Ж., А. деген балдар болгон экен. Алар менен жолуккандан кийин, бир-эки сааттан кийин өлтүрүп кетишиптир. Бычакты сайган бала А. (Ред:Паспортунда Э. Эл аны А. деп аташат) деген бала. Мырза-Акеден талапкер Канат Маматовдун алдында иштешкен. Бул жактагы милиция чыр акчадан келип чыкты деп карап жатат”, — дейт Рыспек (аты өзгөртүлгөн).

Эки баланы тең тааныган Кылычбек (аты өзгөртүлдү) ортодогу чыр 5000 сомдон чыкканын айтат:

Менин угушум боюнча, бычактаган бала “Мекеним Кыргызстанда” иштейт, каза болгон бала башында бир аз “Мекеним Кыргызстанда” иштеп кеткен окшойт. Анан 5000дей акча алган болот. Ошентип анан каза болгон бала “Республикага” иштеп калат. Портери менен кыйкырып, реклама кылып жүрөт. Анан “Мекеним Кыргызстандагы” бала барып, “5000ди берип кой” дейт да. Башка бирөөлөр күүлөгөнбү, ошол 5000ди алыш керек деп. Штабдагылар дагы аралашкан окшойт. Анан каза болгон бала “Сен кимсиң? 5000ди бермек турсун, дагы да болсо акча алам” дейт экен. Ошол жерде конфликт болуп уруша кетишет. Каза болгон бала чоңураак эле, берки баланы уруп коет. Ал бир жаш улуу болчу. Анан үйү жакка чакырып алат деп уктум. Жанында дагы бирөөлөр болгон окшойт, ал азыр белгисиз да. Бирок, өзү жети-сегиз жолу сая турган бала эмес да, мен аны тааныйм. Анын колунан келбеген бала да. Өзү кыла албайт да. Аркасынан жети-сегиз жолу бычак менен урду дейт. Конфликт ошол 5000дин айынан чыкканбы деп жатам да. Экөө мушташкан, партиялардын арасынан, “сен тияк-биякка иштеп жатасың” деген да. Бычак сайган баланын аты А.. Жанында башка балдар дагы бар эле деп жатышат. Кимдер экенин билбейм да. Каза болгон бала өзү 25 жашта эле, портер менен иштечү. Менин угушум боюнча Канат Мамытов шектелип жаткан баланын авалары болуп кетет экен. Ошол бир айылдан экен да”, — дейт Кылычбек.

Сүрөттө: Биздин булактардын айтымында, кызыл менен белгиленип турган бала бул адам өлтүрүүгө шектүү.

Милиция партиялардын тиешеси жок дейт

Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев киши өлүмү жеке талаштан келип чыкканын билдирди:

Ал жерде экөө болгон. Каза болгон бала менен шектүү. Алар үгүтчүлөр эмес. Ал маалымат жалган. Экөө уруша кетип, бирөө жаакка урганда, үйүнө барып ойлонуп анан бычак алып, чакырып алып түн бир оокумда бычактап коюптур. Бычакталган бала ооруканага жеткенде кансырап каза болуп калыптыр. Шектүү 1996-жылы төрөлгөн Мырза-Аке айылынын тургуну, каза болуп калган бала 1995-жылкы. Экөө дос бала болуп эле, жолдош болуп жүргөн балдар. Бул жерде эч кандай партияга тиешеси жок, жөн эле бытовой почвада урушушкан”, — деп билдирди Жеңиш Аширбаев.

“Республика”: Ишти бир тараптуу карап, турмуштук чатакка чыгарып жатышат

“Республика” партиясынын юристи Арстан Туржанов бул иш бир тараптуу каралып жатат деген ойдо:

Биз ошол боюнча азыр расмий кайрылуу жасап жатабыз. Органдар дагы бир тараптуу иштеп жатышат. Муну дагы азыр турмуштук чатакка чыгарып коюп жатышат. Бул окуянын болгону чын. Каза болгон бала биздин тарапташ болчу, үгүтчу эмес. Азыр бул боюнча так маалымат бизге тие элек, органдар иштеп жатышат экен. Башында ал чындап эле достору менен “Мекеним Кыргызстанга” жардам берейин деген ою бар болчу экен. Бирок, кайра алардан кетип калган. Ошондон уруш-талаш чыккан да. “Мекеним Кыргызстан” ага 5000 сом төлөп койгон окшойт. Анан ошонун негизинде уруш чыккан экен. Анан мунун баарын укук коргоо органдары турмуштук чатакка чыгарып салып жатышат. Шектелип жаткан бала, ошол жактан чыккан талапкердин тууганы деген маалымат айтылып жатат. Аны тактап айтыш оор болуп жатат. Муну дагы такташ керек. булардын баарын органдар тактап жатат. Алар канчалык объективдүү карашат деген суроо жаралып турат да. Бул боюнча БШКга, укук коргоо органдарына, Баш прокуратурага расмий кайрылуу болот”, — деп билдирди “Республика” партиянын юристи.

“Мекеним Кыргызстан”: Партия өкүлдөрүнүн тиешеси жок

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын штабы бул окуяга партиянын үгүттөөчүлөрүнүн тишеси жок экенин билдирди:

«Биздин партиянын үгутчүлөрүнүн бул окуяга тиешеси жок. Адам өлтүрүү болгон күндө дагы, биздин партиянын өкүлдөрүнүн же үгүттөөчүсүнүн буга тиешеси жок. Эгер сиз материалда киши өлтүргөн биздин үгүттөөчүбүз деп айтсаңыз, анда сиз адамдарды адаштырган болосуз. Чындап эле ошондой болсо, биз шайлоодон четтетилмекпиз«, — деп билдиришти партиянын штабынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты