Дагы 95 медициналык кызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

  • 4 года мурун

Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын кезектеги 95 медициналык кызматкерлеринен турган топ 8-августта Ысык-Көл облусундагы “Дилорам” пансионатына ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жөнөтүлдү.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кыхматы билдирди.

Бул топтун курамындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун 15 кызматкери, №2 үй-бүлөлүк медицина борборунан 4, №13дөн 8 кызматкер, №1ден ҮМБжан 5, №8 ҮМБдан 5, Бишкек шаарынын кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 2, республикалык психикалык ден соолук борборунун 24, Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык борборунан 1, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан 30 жана алдын алуучу медицина бейөкмөт уюмунаун 1 кызматкер 7 күнгө Ысык-Көлдө ден соолуктарын калыбына келтирип, эс алып келишмекчи.

Буга чейин 4-августта Бишкек шаарынан 54 медицина кызматкери Ысык-Көлгө реабилитациялык эс алууга жөнөдү. Алар “Дилорам” эс алуу үйүндө эс алышкан.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты