​Түркиядагы кыргызстандыктардын Бишкекке кайтуу маселеси чечилди

  • 4 года мурун

Түркияда калган кыргызстандыктардын 17-апрелге караган түнү Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга кайтуу маселеси чечилди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов ЖМКга билдирди.

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги рейсти кабыл алууга уруксат берди. Маалыматтар боюнча 200 дөй кыргызстандык келет.

16-апрелде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу видеоконференция форматында сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн жарандары үчүн чартердик аба каттамын уюштуруу маселеси каралган.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Түркиядан Кыргызстанга келе албай жаткан 487 жаран бар. Өкмөт аларды жана башка чет мамлекеттердеги 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

15-апрелде Жогорку Кеңеш чет өлкөдөгү мигранттарды алып келүүнү чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты