​Коронавирустан вакцина сайылат деген маалымат чындыкка дал келбейт (ФАКТЧЕКИНГ)

WhatsApp түйүнү аркылуу “Коронавируска вакцинация жасоо үчүн ар бир үйгө келип укол сайып кетээри айтылып жатат. ПолитКлиника медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Маалыматтарда төмөндөгүлөр айтылат:

«Могу биринчи күндөн баштап үй кыдырып вакцина саят экен. Балдарга да, өзүңөр да албагыла. Уже биз жаштагылар полный отказ кылышты. Себеби, 3 айдан кийин же 2 айдан кийин вакцина алган киши сөзсүз өлөт экен. Ошону албагыла. Тууган-уруктарга жеткирип койгула. Аны кытайлар жөнөтүптүр, дарысын таптык деп. Ал ошол кытайлар кыргыздарды кырып, дүйнө жүзүндөгү элдерди жок кылышы керек экен»

Дагы башка аудио билдирүүдө бул еврейлердин планы экени айтылып жүрөт.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул маалымат жалган экенин билдирди: «Бул маалыматтар чындыкка жатпайт. Вакцинасы иштелип чыга элек. Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы жок» деп билдиришти министрликтен.

Тарап жаткан бул аудио билдирүүлөргө эмне үчүн ишенүүгө болбойт?

  1. Маалыматтын расмий булагы айтылган эмес. Ким сүйлөп жатканы белгисиз.
  2. «Биз жактагылар» деп жатат. Ал кайсыл аймак? Облустун аты, жердин аты айтылган эмес.
  3. Дүйнө жүзүнүн медиктери учурда Covid-19 (коронавируска) каршы вакцина ойлоп табуунун аракетинде болуп жатат. Бирок азырынча мындай вакцина ойлонуп табыла элек. 2020-жылдын 23-мартына карата маалымат боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого кеминде бир жыл убакыт кетерин билдирди.

ЖЫЙЫНТЫК: Бул — ФЕЙК

Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:

  • Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты, жердин аты ж.б.
  • Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.
  • Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз! Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.
  • Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалда, айрыкча, бул фейк маалыматтарды таратуу күчөп жатканын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев кабарлап, атайын жалган маалымат тараткандар Кылмыш жаза кодексинин 344-беренеси менен жоопко тартыларын билдирди.

ПолитКлиника медиа (https://pk.kg/)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты