Жол дептерден: Индияга сапар (Экинчи бөлүк)

Блог

Буга чейин дагы чет өлкөгө чыкканды өтө жакшы көрөрүмдү жазып келгем. Узак жолго чоң учактарда учуу, чоң-чоң аэропорттордо каттамдарды күтүү, ал жерлердеги “дьюти-фрилердин жана кофелердин жыттары, айтор, мага ушунун баары жагат.

Уландысы. Макаланын биринчи бөлүгүн бул шилтемеден кирип окуй аласыздар.

Ошентип ал күнү кечинде Тадж-Махалдан келсек, багажыбыз дагы деле келе элек экен. Аябай чоң үмүт менен келдик эле. Эми эмне кылабыз?

Кийимдерибиз калың, анан дагы Кыргызстандан жөнөгөндөн бери ушул кийимибиз менен жүрөбүз. Оюбузга Индиядагы Кыргызстандын элчилиги келди. Алардын номерлерин таап чалдык.

Бизди элчиликке алып кетишти. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев жылуу кабыл алып, көпкө баарлашып отурдук. Багаждын келбегенине ачуубуз келип аткан болсо эми өзүбүздүн үйүбүзгө келип калгандай болуп турдук.

Элчи Кыргызстан менен Индиянын кызматташуусундагы перспективалар тууралуу айтып берди. Баарлашуудан соң элчиликтин кызматкери Асел бизди Делинин кийим саткан дүкөнүнө алып барды.

Жүгүбүз келгичекти кийип тура турган кийимдерден алып, көңүлүбүз көтөрүлө түштү. Баарыбыз чогуу тамактанып, Түнкү Делини кыдыртып, кайра бизди мейманканага таштап коюшту.

Тездик менен өнүгүп бараткан Индия

Эртесинде расмий жолугушуулар башталды. Индиянын Тышкы иштер министрлигинде болдук. Министрликти аял киши Сушма Сварадж жетектейт экен.

Сырттан караган адамга Индия өзү менен өзү болгон катардагы мамлекеттей көрүнгөнү менен бул өлкө учурда аябай тездик менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кириптир.

Эми кулачын дүйнө жүзүнө жайып жаткан учуру экен. Мына ошол багытта Борбордук Азия менен диалог ачып, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бет алышыптыр.

Индия демократия жолун тандап алганына 70 жылдай убакыт өтүптүр. Бул аралыкта алар оош-кыйышты баштан өткөрүп өз жолун табышкан экен.

Демократиялык баалуулуктар менен катар эле, алар улуттук баалуулуктарын дагы бирдей алып баратканы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турушат экен.

Ошондуктан, алар дайыма расмий жолугушуулар болобу, башка учурларбы, өздөрүнүн улуттук кийимдерин дагы баалап кийип жүрүшөт тура.

Бул өлкөдө 19 расмий тил бар экенин угуп, аябай таң калдык. Бул өздөрүнүн хинди тилдеринин түрлөрү болуп саналат. Мектепте милдеттүү түрдө өз эне тилинен башка дагы бир хинди тилин үйрөнүүгө милдеттүү болушат экен.

Өз тилдеринен сырткары сөзсүз түрдө англис тилин окушат экен. Мына ошондуктанбы, айтор, чанда бири гана англисче сүйлөгөндү билбей калбаса, көпчүлүгү англис тилинде эркин сүйлөшөт.

Менин байкоомдо, англис тилин экинчи тили катары кабыл алган көп өлкөлөр өнүгүүнүн жолуна түшүптур. Орус тилине гана байланып калган постсоветтик өлкөлөр көп нерседен артта калгандай.

Индиядагы шайлоо жана коррупция

Чечилбей жаткан көйгөйлөрү деле көп экенин айтышты бийлик өкүлдөрү. Аларда деле коррупция бар экен, тазалык маселеси өтө көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Бирок, калкы дагы өтө көп – 1 млрд 300 млн болгон үчүн бул көйгөйлөрдү бир заматта чечип коюуга мүмкүн эмес.

Мисалы, жакырларды колдоо үчүн мамлекет берген жөлөкпулдар мурда борбордук бийликтен провинцияларга которулуп, ал акчалар даректүү жеттиби же жергиликтүү бийликтегилер тааныш-билиш кылып берип салдыбы, көзөмөлдөө кыйынга турчу экен.

Учурда бул маселени чечүү үчүн Индия өкмөтү ар бир жаранды банктан эсеп ачканга милдеттендириптир. Ар биринин эсебин мамлекет билет дагы, колдоо үчүн берилген акчаны өкмөт ар бир жарандын өзүнө ортомчусу жок сала баштаптыр.

Биз Индияда парламенттик шайлоо жүрүп жаткан учурга туш келиптирбиз. Шайлоо биздегидей эле бир күндө бүтүп калбайт экен. 11-апрелде башталган бул шайлоо 19-майда аяктап, беш жумага созулат жана жыйынтыгы 23-майда белгилүү болот.

900 млн шайлоочунун катышуусу менен өткөн бул шайлоо дуйнөдөгү эң масштабдуу демократиялык процедуралардан болуп саналат экен.

Ушул парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан учурдагы Премьер-министр Нарендра Моди кайра Өкмөт башына келе алабы же жокпу чечилет. Аны сүрөгөн партия “Бхартия джаната парти” Индия улутчулдарынын партиясы мындан беш жыл мурда жеңишке жетишкен.

Бул жолу аларга атаандаш катары “Индиялык улуттук конгресс” оппозициялык партиясы жана башка аймактык партиялар ат салышууда.

Биздегидей манжалардын изин алган биометрикалык маалыматтардан сырткары, ал жакта ар бир шайлоочунун көзү дагы сканерден өтөт экен. Бул бирөөнүн ордуна бирөө добуш берет деген тобокелдикти алып салганын айтышты.

Уландысы бар.

Дилбар Алимова

БлогИндияга сапарЖол дептерДилбар Алимова