​Ак-Ордо конушундагы спартакиада ачылышы (Фоторепортаж)

Бүгүн, 20-апрелде, Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы спартакиаданын ачылыш аземин өткөрдү.

“Спартакиаданын максаты – конуштар арасындагы тынчтыкты, биримдикти бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти спорттук мелдештер аркылуу жыйылтуу” дешет уюштуруучулар.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун долбоор координатору Чынара Абдраимакунованын айтымында, аталган спартакиада Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусу аркылуу каржыланган:

Былтыркы жылдын июнь айынан бери Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге, Бириккен улуттар уюмунун калк фондусунун каржылоосу менен ишке ашырылып жатат.

“Жаңы конуштардын тургундарын баш коштурган мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Спорт аркылуу элдердин арасындагы биримдикти чыңдоо максатында спартакиаданы жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз” деди ал.

Бишкек шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн жетекчиси Майрам Мамбетова айтымында спартакиада 10 конуштун 18 жаштан жогору жашоочуларын камтыйт. Мында футбол, волейбол, аркан тартыш жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыраарын билдирди. Спартакиада 18-майга чейин уланат.

Салтанаттуу ачылыш.

Спартакиаданын башталышын күткөн катышуучулар.

Уюштуруучулар.

Алгачкы оюндар. Волейбол.

Алгачкы оюндар. Футбол.

Ырысбү Кылычбек кызы.

Сүрөттөр автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты