​Алайдагы Памирлик кыргыздар сүрөттөр менен

Алай районунун Талды-Суу айылынын кире беришинде Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын үйлөрү жайгашкан. Алар азыркы учурда мамлекет тарабынан курулган үйлөрдө жашап жатышат.

ПолитКлиника медиасы, Талды-Суудагы Памирлик кыргыздардын жашоосун сүрөттөр менен чагылдырат.

Азыркы учурда айылда жалпысынан памирликтер үчүн 11 үй курулуп, элүүдөн ашуун адам жайгаштырылган.



Памирлик кыргыздардын көчүп келгенине 4 жылдан ашуун убакыт өтсө да улуттук кийимдерин жана каада-салттарын бекем сактап келишет.


Алардын салты боюнча, турмушка чыга элек кыздар кызыл түстүү ал эми турмуш курган аялдар ак жоолук салынышат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул кыргыздардын шөкүлө жана элечек сыяктуу салттарына окшош.
























Кээ бир үйлөрдө эки үй-бүлө чогуу жашашат.



Жергиликтүү тургундар, Талды-Суунун суук абасы Памир тоолорунун ызгаарына окшош экенин, мүмкүнчүлүк болсо ысык жерде жашоону каалай турганын билдиришти.

Мындан сырткары, памирлик кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу максатында Талды-Суу айылындагы №41 Санталат Умарходжаева мектебинде окутула баштаган. 1-класска баргандардын арасында 40 жаштан жогорулары дагы бар
























Алар мамлекеттик жардамдардан сырткары, кээ бирлери Талды-Суу айылындагы көмүр кенинде иштешет.

Памирлик кыргыздардын балдары.

























Эгиз кыздар.


Учурдагы памир кыргыздары, 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму.

Гулиза Урустамбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты