​Ташкентте Борбор Азия экономикалык форуму өтүүдө

  • 5 лет мурун

15-16-мартта Ташкентте Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусунда Биринчи Борбор Азия экономикалык форум өтүп жатат.

Анда инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, аймактык сооданы өбөлгөлөө, туризмди, транспорттук жана транзиттик дараметти өстүрүү маселелерин талкуулоо каралган.

Форумга катышып жаткан КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз сөзүндө белгилегендей, алдыда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгаруу милдети турат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты